Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

COVID-19: Ооруну жугузуп алган дагы 2,5 миң дарыгердин кенемте тууралуу арызы каралып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Атайын комиссия коронавирус жугузуп алган дагы 2550 дарыгердин кенемте төлөп берүү тууралуу арызын карап жатат. Бул жөнүндө 26-ноябрда Коронавируска каршы ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, бул оорудан каза болгон дагы төрт медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөө маселеси да каралууда.

Буга чейин 479 дарыгерге 200 миң сомдон, каза болгон 29 кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилген.

26-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 71 миңден ашуун кишиге жукту, алардын 1251и каза болду.

Оору жуккандардын арасынан 3858и медицина кызматкери. Алардын 3568и айыгып чыкты. Каза болгон дарыгерлердин саны 80ден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG