Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Авcтралия өз жараны Ирандагы түрмөдөн бошотулушун кубаттады


Иран телеканалынан тартылган көрүнүштөр.
Иран телеканалынан тартылган көрүнүштөр.

Расмий Канберра Британиянын жана Австралиянын жараны Кайли Мур-Гилберттин бошотулушун кубаттады. Мелбурн университетинде ислам таануудан дарс окуган мугалим Иранда тыңчылык үчүн 10 жылга кесилген.

Австралиянын тышкы иштер министри Мариз Пэйн Австралия өкмөтү Мур-Гилбертке коюлган айыпты негизсиз деп четке кагып келгенин билдирди.

Ирандын мамлекеттик телеканалы шаршембиде Тегеран Мур-Гилбертти чет жактарда кармалып жаткан ирандык үч кишиге айырбаштаганын маалымдаган. «Iribnews» каналы алар жок жерден айыпталганын, кош жарандыгы бар окумуштуу Израилдин пайдасына тыңчылык кылганын сайтына жазды.

Бирок коё берилген ирандыктардын аттары аталган жок. Антсе да айрым маалымат каражаттары сөз Таиландда кармалган Саид Моради, Мохаммад Хазаеи жана Масуд Седахат Задех тууралуу жүргөнүн жазышты. Алар сегиз жыл мурун Баңкокто Израилдин расмий адамдарын өлтүрүүнү пландашкан деп күнөөлөнгөн.

Мур-Гилберт 2018-жылы Тегерандагы Эвин түрмөсүнө камалган.

Кийинки айларда саламаттыгы начарлаганы маалымдалганда эл аралык коомчулуктун аны бошотууну талап кылган басымы күчөгөн.

XS
SM
MD
LG