Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:39

Акыйкатчы Баш мыйзамдын долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүүгө Венеция комиссиясынан көмөк сурады


Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов.
Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясынын төрагасы Жанни Букикиого кайрылып, Кыргызстанда Баш мыйзамдын сунуш кылынып жаткан жаңы долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөктөшүүнү суранды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы 27-ноябрда кабарлады.

Кыргызстандын акыйкатчысы коомдук талкууга коюлган долбоордун өзү да, конституциялык реформа канчалык зарыл деген маселе да талкууланып жатканын айтты. Конституциянын жаңы долбоору адам укуктары боюнча стандарттарга жана адамдык чен-өлчөм стандарттарына канчалык шайкеш келери боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөк сурады.

18-ноябрда Венеция комиссиясы «Кыргызстандын учурдагы парламенти конституциялык реформа жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок» деген бүтүмүн жарыялаган. Бул корутунду Кыргызстандын Конституциялык палатасынын 4-ноябрдагы өтүнүчү менен даярдалган.

Андан мурда «Реформа» партиясы Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу чечими боюнча Конституциялык палатага арыз жазган эле.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбооруна ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Коомдук-саясий чөйрөнүн жаңы долбоорго каршы тарабы Баш мыйзам ушул калыбында кабыл алынса жеке бийлик орнойт деп коңгуроо кагып жатат.

Ал эми өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров 24-ноябрда «7-каналга» берген интервьюсунда адегенде мамлекеттик башкаруун формасын референдум аркылуу аныктап алыш керек экенин минтип билдирген:

«Курманкул Зулушев деген депутатыбыз «Парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкарууну каалайсыңбы?» деген суроону референдумга чыгарууну сунуш кылган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем».

Конституциянын долбоору жана референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору 17-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга чыгарылган. 20-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме түзүлүп, ушул эле күнү кеңешме ишин баштаган.(RK)

XS
SM
MD
LG