28-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын арбын жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз-4…+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 күндүз 8…10 градус болот.