Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

COVID-19: Төрт адам каза болду, 456 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 456 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен төрт адам каза болду. Бул тууралуу 28-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Жаңы учурлардын көбү Бишкек шаарына (110) жана Чүй (101) Жалал-Абад облусуна (102) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда 10-15тен, айрымдарында 30-40тан катталды.

28-ноябрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 382 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 72 427 кишиге жукту. Анын 63 789 айыкканы айтылды. Вирустан 1266 адам кайтыш болду.

Учурда 2840 бейтап стационарда, 3760 киши үй шартында дарыланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG