Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Активисттер Конституцияны өзгөртүүгө каршы кайрадан митингге чыгышты (видео)


Конституциянын реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген Бишкектеги митинг. 29-ноябрь, 2020-жыл.
Конституциянын реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген Бишкектеги митинг. 29-ноябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаарында 29-ноябрда жүздөгөн активисттер Конституциянын реформалоо мыйзам долбооруна каршылык билдирген экинчи нааразылык акциясына чыгышты.

Темир жол бекетинин жанына чогулгандар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктарды жасап жатышат. «Референдумга жол жок!» деп аталган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы түрдүү транспаранттарды кармап жүрүшөт.

Ушул эле активисттер өткөн жекшемби, 22-ноябрда да Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка чейин жүрүш менен барышкан.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес.

Ал өз маектеринде «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп билдирген.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев анын иши 15-20 күнгө созуларын айткан.

Демилге парламентте кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн. (ErN\BTo)

XS
SM
MD
LG