Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:49

Украина коопсуздук кызматы Голодомор боюнча жашыруун маалыматты шардана кылды


"Голодомор курмандыктарын эскерүү күнүндө" украин жарандык коомунун өкүлдөрү Орусиянын Киевдеги элчилигинин маңдайында металлдан жасалган 33 чырым белгисин орнотушту жана маркумдарды эскерип шам жагышты. Киев. 2020-жылдын 28-ноябры.
"Голодомор курмандыктарын эскерүү күнүндө" украин жарандык коомунун өкүлдөрү Орусиянын Киевдеги элчилигинин маңдайында металлдан жасалган 33 чырым белгисин орнотушту жана маркумдарды эскерип шам жагышты. Киев. 2020-жылдын 28-ноябры.

Украинанын коопсуздук кызматы 1932–33-жылдардагы сталиндик режим атайын уюштурган ачарчылыкта («Голодомор») кырылгандардын санын кыйыр далилдеген архивдик маалыматты ачыктады. Бул демографиялык маалымат совет доорунда цензорлор тарабынан жашыруун сакталып келген.

Украинанын коопсуздук кызматы өзүнүн «Фейсбуктагы» барагында жарыялаган маалыматка караганда, 1937-жылдагы Бүткүл союздук эл каттоонун көрсөткүчү бул жумурияттагы чыныгы демократиялык кризисти таасын далилдеген.

1937-жылга карата Украинада 35 миллиондой киши жашоого тийиш деп советтик демографтар жоромол кылган, бирок 1937-жылдагы эл каттоодо жумуриятта болгону 29 миллион киши жашагандыгы, калк саны боюнча кырдаал 1926-жылдын деңгээлинде кала бергендиги айгинеленген.

Бул маалыматка ачуусу келген сталиндик жетекчилик Украинадагы эл каттоону жүргүзгөн жетекчилерди «атайылап калк санын азайтып көрсөткөн» деген жалаа менен атууга өкүм кылган.

14 жыл илгери Украинанын Жогорку Радасы 1932–33-жылдардагы «Голодоморду» украин элине каршы "геноцид" катары тааныган. Украин бийлиги башка мамлекеттерге да кайрылып, 1932–33-жылдардагы жасалма ачарчылыкты «геноцид» катары таануусун өтүнгөн.

Ал эми орусиялыктар мындай ачарчылык Эдил (Волга) боюнда, Казакстанда жана башка советтик аймактарда да орун алгандыгын белгилешет.

Казакстандагы ачарчылыктын айынан жүз миңдеген казактар Кытайга, Кыргызстанга, ал түгүл Ирандын чыгышына чейин качууга мажбур болушкан. Кыргыз АССРинин бийлиги жана калайыгы бозгун казактарга кайрымдуулук көмөк көрсөткөнү маалым.

Бирок борбордук азиялык өлкөлөрдө КГБнын ушул кайгылуу доор тууралуу мурдатан жашырылып келген маалыматтары дагы эле толук ачыктала элек.

XS
SM
MD
LG