Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Казакстандагы ачарчылыкты дүйнө үстүрт билет


Сара Кэмерон жазган китептин казакча котормосу.

Казакстандагы 1930-жж. ачарчылык тууралуу Сара Кэмерон англис тилинде жазган тарыхый изилдөөнүн казакча котормосу жарык көрдү. Аны саясат талдоочу Досым Сатпаевдин жеке маданий кору каржылады. 

Америкалык тарыхчы, изилдөөчү Сара Кэмерон айым бул иликтөөсүн «Ач-жылаңач чөл: ачарчылык, зомбулук жана советтик Казакстанды куруу» деп атаган. Автор 1930-жылдардын башында 2.2 миллион кишинин өлүмүнө себепкер болгон ачарчылыкка ким жооптуу деген суроону архивдик жана башка маалыматтарга негизденип ар тараптуу иликтеген (автор 1,5 миллиондон ашуун киши кырылган деп келет) .

Китеп 2018-жылы англис тилинде АКШда жарык көргөн. Чыгарманын бет ачарында автор алаамат окуяны иликтөөгө 10 жыл коротконун айткан. Ал казак жана орус тилдерин тиешелүү деңгээлде үйрөнгөн.

Китепти казакчага которууну каржылаган саясатчы Досым Сатпаев Украинадагы 1932-1933-жылдардагы ачарчылыктын 85 жылдыгына карата АКШ сенаты 2018-жылы атайын резолюция кабыл алганын эске салды.

"Бирок ошол резолюцияда Казакстандагы ачарчылык тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Анткени казак эли башынан кечирген оор кайгы тууралуу дүйнө элинде маалымат жок же такыр эле аз. Көптөрү бул трагедиянын олуттуу экенин баамдабай жүрөт. Менимче, Сара Кэмерон - Казакстандагы ачарчылык кесепетин ачык айткан Батыштагы жалгыз тарыхчы болсо керек".

Тек кошумчалаарыбыз, италиялык Никколо Пьянчола, немис Роберт Киндлер, француз Изабель Оайон айым жана америкалык Мэтью Пейн да Казакстандагы ачарчылык тууралуу заманбап изилдөөлөр жүргүзүштү.

Саясат тааануучу Досым Сатпаев ачарчылык тууралуу казак жаштары ырааттуу эстеп жүрүшү абдан маанилүү экенин белгиледи:

Досым Сатпаев. 30.6.2016.
Досым Сатпаев. 30.6.2016.

"Сталинди баатыр кылуу аракеттери катуу жүрүп жатат. Акыркы жылдары сурамжылоодо Иосиф Сталин алдыңкы орунду ээлеп келгенин билесиздер. Бул - Сталин кетирген катачылыкты, ал уюштурган саясий репрессиялардын өлчөмүн азайтып көрсөтүүнүн, Казакстандагы, Украинадагы ачарчылыкка көз жумгандын натыйжасы. Идеологдор азыр да тарыхты саясатка карап бурмалоону улантышууда".

Д.Сатпаевдин пикиринде, казак жетекчилери ачарчылык тууралуу ачык сүйлөөдөн алигиче айбыгышат.

"Биздин аткаминерлер тарых тууралуу сүйлөгөндө, 20-кылымдын биринчи жарымын айланып өтөт. Байыркы тарых тууралуу гана кеп кылышат. Бул көрүнүш казак бийлигинде советтик тарбияга каныккандар көптүгүнөн улам болсо керек. Анткени казак бийлиги Москваны таарынтып албаш үчун бул теманы ачык талкуулагандан карманат. Мунун айынан казак жаштары ГУЛаг, сталиндик репрессиялар тууралуу эч нерсе билбей калышты. Биз ушул китеп аркылуу Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, ачарчылык окуяларын геноцид деп таанууга чакыраар элек".

Кэмерондун китебин казак тилине которуу иши жигердүү жүрдү.

«...Келемишти, куурайды кайнатып жегендери тирүүлөрдүн эсинде. Талаалап машак тергендери, кийизди отко кактап, кайышты сууга кайнатып жегендери... Баары эстеринде...»

Бул саптарды англис тилинен казакчага которгон Сауле жана Зауре Батаевалар китептин үстүндө сегиз ай эмгектенишкен.

Ачарчылык тууралуу англис тилдүү окурмандарга жете элек көп маселелер бар. Мисалы, ачарчылыкты изилдеген казак окумуштуулар тууралуу Батыш азырынча кабардар эмес..
Сара Кэмерон

Зауре Батаева баяндалган окуяларды жумшарткандан кийин гана китептин котормосун чыгаруу усулу да сунушталганын айтты.

"Кабыл алууга оор, өтө кайгылуу учурларды бир аз жумшартууну сунуштагандар болду. Биз ага макул болбодук. Автор архивдерге таянып сүрөттөгөн окуяларды ошол бойдон бердик. Анткени биздин максат - окурмандарга чындыкты жеткирүү болчу. Ошондуктан казак окурмандар үчүн бул чыгарма абдан маанилүү".

Тарыхый изилдөөнүн автору Сара Кэмерон айым өз китеби америкалык окурмандарга арналганын, ошондуктан Казакстанда буга мындай жандуу мамиле болоорун эч күтпөгөндүгүн билдирди.

"Ачарчылык тууралуу англис тилдүү окурмандарга жете элек көп маселелер бар. Мисалы, ачарчылыкты изилдеген казак окумуштуулар тууралуу Батыш азырынча кабардар эмес. Казакстандык окумуштуулардын маанилүү чыгармалары англис тилине которула элек. Ачарчылыктан кырылган элдин так саны эч кимге белгисиз. Бул маалыматтар болбосо, ачарчылык казак элине кандай зыян тийгизгенин аңдоого мүмкүн эмес".

Казакстандагы ачарчылык Сталиндин доорундагы эң ири кылмыштардын бири болуп калган. Анын айынан 1,5 миллиондой же андан көп казак кырылганы расмий айтылып келет.

Ачарчылыктан азган казактардын бир бөлүгү Кыргызстанга да оогон. Аларды сактап калууда Кыргызстандын мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун эмгеги зор экени айтылып келет.

Кыргыз жазуучусу Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романында ошол кездеги Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев баштаган кыргыз айдыңдарынын өкүлдөрү студент экенине карабай сындырым нанын боордоштор менен бөлүшкөн окуялар кыскача баяндалган.

Ири өлчөмдө башталган ачарчылыктын алдыңкы жылдары Казакстанда байларга жана "кулактарга" каршы саясий өнөктүк курчуй баштаган маалда да казактардын бир даары Кыргызстандын түндүгүнө жана Кытайдын Кулжа аймагына үркүүгө аргасыз болушкан.

Маселен, таанымал кыргызстандык тарыхчы Анварбек Хасановдун атасы Касен 1928-жылы үй-бүлөсү менен Семей аймагынан Ысык-Көлгө ооп келгенин кошумчалай кетели.

Кэмерон айым Казакстандагы ачарчылык тарыхы тууралуу Йель университетинде диссертациялык изилдөөсүн да аяктаган.

Сара Кэмерондун чакан интернет барагынан.
Сара Кэмерондун чакан интернет барагынан.

Сара Кэмерондун изилдөөсүнүн дагы бир өзгөчөлүгү - азыркы муундардын эмес, ошол доордогу ачарчылык азабын тарткан казактардын арыз-муңу камтылган эскерүүлөрүн астейдил иликтегендигинде. Маселен, ал АКШ Конгрессинин китепканасында сакталып жаткан 60тан ашуун кишинин өз башыган өткөргөндөрү тууралуу эскерүүлөрүнүн "Кызыл кыргын" деген топтомун жана башка оозеки маектердин маалыматтарын изилдеген, өзү да аман калган казактардын анча-мынча өкүлдөрү менен жеке маек курган.

Айтмакчы, Кыргызстанда айрымдар "биз эле казактарды ачарчылыктан сактаганбыз" деп көбүртүп-жабыртып айтып келишет. Чын-чынында, ачарчылыктан жабыр тарткан казактардын Кыргызстанга жете алган бөлүгү гана көмөк ала алган. Алардын башка бөлүктөрү Иле дарыясынын жогорку агымына (Кытайдын Кулжа аймагына), Сыр-Дарыянын Өзбекстанга таандык бөлүгүнө да качышкан.

1930-жылы, негизги ачарчылыктын ирегесинде, Түндүк Ооганстан менен Иранга чейин да журт которгон казактар болгон.

Кыргызстандык тарыхчылар да соңку жылдары Казакстандагы ачарчылык тарыхына жана бул алааматка карата Кыргыз бийлигинин кажыбас турумуна, качкын казактар үчүн уюштурган көмөктөрүнө байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзө башташты.

(Бул шилтемеде Сара Кэмерон айымдын китебинин мазмуну жаатында орус тилинде кеңирирээк маалымат камтылган).

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG