Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 18:20

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин “2010-жылы Казакстан 1,5 ай бою чек арасын жаап салып, кыргыз жактан кишилей чыгымдар болгон” деген сөзү айрыкча казак чиновниктерин катуу териктирди көрүнөт. Коңшулардын ТИМи түшүндүрмө да талап кылды.

Кызык, “чын чычалайт” демекчи, бул териге турган, чычалай турган сөзбү? Апрель революциясынан кийин Казакстан чек арасын жапканы жалганбы? Ондогон жүк ташуучу машиналар ары өтө албай, канчалаган жашылча, азык-түлүк жараксыз болгонун унутуу мүмкүн эмес. Кыргызстандык ишкерлер күйүп, ал эми казак кардарлары эрте бышкан жашылчадан куру калып, нааразылык болгонун казакстандык ММКлар өздөрү жазып чыгышкан эле. Казак тарапта калган бизнесине суу кечип өтүп барам деп, агып кеткен кишилер болгону да анык.

Убактылуу өкмөттүн айласы кетип калган, анткени Казакстан менен чек аранын жабык турушунун арты жаман кесепеттерге алып келиши айкын болучу. Ошол кезде күн куру эмес чек араны ачуу өтүнүчү менен президент Назарбаевге кайрылуулар жиберилип турган. Баарынан таң калычтуусу: ошол жылы казак президенти ЕККУнун төрагасы болуп турган. Бул региондо тынчтыкты, туруктуулукту орнотуу анын тике милдети дегендик эле. Анын ордуна Нураке чек арасын ачпай, коңшуларынын экономикасынын ого бетер алсырашына шарт түзгөн.

Ошондо Казакстан блокадасынан улам Кыргызстан 1 млрд доллар чыгымга дуушар болгонун ишкер чөйрөлөр эсептеп чыгышкан. “Кыргызстандын 30% гана сүт азыгы ички рынокту канааттандырып, калган 70%и сыртка сатылат, – деген эле ошондо республиканын директорлор Гильдия кеңешинин төрайымы Маргарита Румянцева. – Заманбап сүт иштетүүчү заводдордо продукция жатып калган. Бул тармактын жылдык жүгүртүүсү 3,5 млрд сомго (10 млрд теңгеден ашык) барабар”.

Кыргызстан рыноктор ассоциациясынын эсеби боюнча, «Дордойдо» Казакстанга жана Орусияга кете турган 1 млрд доллардык товар жатып калган. «Чек аранын жабылышынан Кыргызстанда жүз миңдеген адам ишсиз калышы мүмкүн, – деп билдирген эле рыноктор ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев. – Мисалы, 150 миң тикмечи арга жок эс алууга кетирилген. Ушунун баары социалдык кырдаалды чыңалтат”.

Бирок Назарбаев Кыргызстан менен чек арасын көгөрүп ачкан эмес. Бир катар ЕККУ өлкөлөрү, анын ичинде АКШ да чек араны ачуу чакырыгы менен казак президентине кайрылса да, Назарбаев кулак какпай коёт. Акыры ЕККУ өлкөлөрү бул уюмдагы төрагалык милдетин Назарбаевдин эсине салышты. Бул каада күтө турган эмес, ЕККУга кирген өлкөлөрдө кризис болгондо каралашуу озуйпасын мойнуна көтөргөн кызмат эле.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү сурана берип тажаганда каршы чараларды колдонобуз деген өкүм сөзгө өтө башташты. УӨнүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди кескин сындап, Ысык-Көлдөгү төрт казак пансионатын улутташтыруу маселесин көтөрөт. Андан ары Бекназаров: «Курманбек Бакиевди чыгарып берип, тим болду… Андан тышкары Убактылуу өкмөт иштеген биринчи күндөн тарта чек арасын 40 күндөн ашуун убакка жаап салды. Биздин 54 машина товары менен Казакстандан транзит аркылуу кете албай турат. Жакында Жамбыл облусунан биздин жарандар чыгарылды. Казакстан жетекчиси бир тууган элдин атынан бизге колдоо көрсөткөндүн ордуна кыянатчылык кылып жатат», - деп айткан эле.

«Ошондо аябай оор мезгил болду, – деп кийин интервьюларынын биринде УӨнүн башчысы Роза Отунбаева эскерген. – Курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен алпурушуп, бир жагынан коопсуздук маселелери курчунан турган, бакиевчилер байлык менен акчаны сыртка чыгарып кетип жатышкан. Ал аз келгенсип, Казакстанга ташылып келген продукттарды өткөрбөй, четинен бузулуп, экономикага чоң залакасы тийген эле…»

УӨ башчысынын орун басары, азыркы президент Атамбаев да өтө өктөмдүк менен чек араны ачууну талап кылган. Акыры айла кеткенде Казакстанга каршы өзүнө жараша чаралар колдонулду – 19-майда Кыргызстан Жамбыл облусуна сугат суунун көзүн жапты. Ошенип, Казакстандын түштүгүндө сугат жерлер эки күн бою суусуз калды. Ошондон кийин гана казак тарап кепке келип, чек арасын ачууга макул болгондо Кыргызстан кайрадан сууну ачты.

Чек ара жабылгандан Кыргызстан эле жапа чеккен жок. Казак рыногу кыргыз тараптан келүүчү эрте жаздагы жашылчадан жана сүт азыктарынан каңтарылып, баалар кескин өсүп кетти. Түштүк Казакстан облусунун өнөр жай жана ишкердик башкармасынын маалыматы боюнча, Чымкенттин базарларында жашылчалар баасы дээрлик 30%, жемиштердики – 16%, каймактыкы - 6,5% өскөн. Эттин да баасы көз көрүнөө өскөн. Буга карапайым калк да, Кыргызстан менен иштешкен бизнесмендер да нааразы болушкан.

Бул нааразылыкка казак жаштары да кошулган. 17-майда Астанада "Абырой" жаштар уюму Кыргызстан менен чек араны ачуу талабын коюп чыккан. Акциянын авторлору чек аранын жабык турушу коңшулук мамилелерге туура келбесин, тетирисинче эки тарапта тең чыңалууну күчөтө турганын баса белгилешкен.

Блокададан кыргыз экономикасы катуу жапа чеккен. Ал аз келгенсип саясый кырдаалга терс таасирин тийгизген. Албетте, чек араны жабуу чечимин казак тарап ар кайсы себептерге байланыштырып келатат. 17-марттагы иш чара маалындагы сөзүндө Назарбаев түрмөдөн соттолгондор чыгарылган, ошолордон сактанып жапканбыз деген жүйөнү айтты. Биринчиден, ал кезде түрмөлөрдөн эч ким качкан эмес. Экинчиден, эми Нуракенин бул сөзү, жумшак айтканда, өтө ынанымсыз аргумент. Түрмөдөн качкан күнү да он чакты адам барып, Казакстанга тополоң сала алмак беле?

Айрым эксперттердин айтымында, тек гана Назарбаев кыргыздардын эркин мүнөзү өз элине жугуп, Казакстанда да революция от албасын деп сактанган сыягы бар. А балким, бул иштин артында казак атка минерлеринин бизнес кызыкчылыгы жаткан чыгар – Кытайдан Кыргызстанга агылып келип жаткан товарларды өткөрбөй, ал агымды өз колдоруна алуу максаты да болушу ыктымал. Андан тышкары кыргыз дыйкандарынын жазгы түшүмүн өткөрбөй жатып, акыры текейден арзан сатып алуу аракети да болушу мүмкүн.

Бирок өз бийликтеринен айрымаланып, карапайым казактар кыргыздарга боор тартып, колдоо көрсөтүшкөн. Анткени, өткөн кылымдын 30-жылдарында казак жерин ачарчылык каптаганда дал кыргыз боорлоруна барып, жан сакташканын көбү унута элек.

Эми ошол чындыктын четин чыгарган Атамбаевдин сөзүнө чычалаш канча кажет?

Иляс Кангелди

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG