Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Коронавирустан дагы беш киши каза болду


Коронавирус менен ооругандар.
Коронавирус менен ооругандар.

30-ноябрга карата COVID-19 вирусу Кыргызстан боюнча 380 кишиден жаңы табылды. Алардын 137си - Бишкек шаарынын тургундары. Чүй облусунда 79 кишиден вирус чыкты. Оорудан бир күндө беш киши каза болуп, жалпы курмандыктардын саны 1271ге жетти .

Кыргызстанда COVID-19 катталган алгачкы күндөн тартып ооругандардын саны үчтөн (18-март) 72 807ге (30-ноябрь) чейин жетти. Лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлар боюнча статистика бириктирилген 17-июлдан тартып ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр: 17-июль – 1654 , 18-июль – 1264.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» баракчасына оору күчөп кетсе катуу ооругандарды кароодо ооруканаларга күч келерин эскертип, «жогорку окуу жайлары жаңы жылдан кийин ачылышы ыктымал, бала бакчаларды ачуу маселеси каралып жатат» деп жазды. (BCh)

XS
SM
MD
LG