Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Коронавируска чалдыккан 733 адам оор абалда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, азыркы тапта ооруканаларда 2833 бейтап дарыланууда.

Алардын ичинен 45 бейтаптын абалы канааттандырарлык,калганы өтө оор, орто жана оор абалда. 30-ноябрга карата өтө оор абалда 113, оор абалда 733, орто оордукта 1942 бейтап жатат.

30-ноябрга карата COVID-19 вирусу Кыргызстан боюнча 380 кишиде жаңы катталды. Алардын басымдуу бөлүгү, 137си баш калаа Бишкек шаарынын тургундары. Чүй облусунда 79 кишиде вирус чыкты. Оорудан бир күндө беш киши каза болуп, жалпы курмандыктар 1271ге жетти.

Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тартып ооругандардын саны үчтөн (18-март) 72 807ге (30-ноябрь) чейин көбөйдү.

Лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлар боюнча статистика бириктирилгенден бери 17-июлдан тартып ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр: 17-июль – 1654, 18-июль – 1264.

XS
SM
MD
LG