Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

1-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

1-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;

Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз 0…-5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 күндүз 0…-2 градус болот.

XS
SM
MD
LG