Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:38

Өзбекстанда бюджеттик кызматкерлердин айлыгы азайтылды


Жол кайгуул кызматкери. Өзбекстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жол кайгуул жана коомдук тартипти сактоо башкармалыгында иштеген кызматкерлердин айлыктары 30-40% кыскартылды. Бул тууралуу Фергана, Ташкент жана Хорезм облустарындагы ички иштер башкармалыктардын кызматкерлери билдиришти.

Фергана облусундагы Беш-Арык райондук ИИБнүн кызматкери айлык акы менен кошумча төлөмдөрдү кошуп эсептегенде 50% кыскартылганын айтты.

Карантин маалында Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигинин, Маданият жана туризм министрлигине караштуу Маданий мурастар департаментинин жана башка ондогон мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлыктары кыскартылган.

Өлкөдөгү бюджеттик мекемелердин биринин эсепчиси кызматкерлердин айлыктары Финансы министрлигинин буйругу менен кыскартылып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул буйрук президенттин жарлыгына негизделген. Бирок документте «кошумча төлөмдөр менен айлыктарды кыскартуу тууралуу» бир да сөз жок.

Юрист Маримбой Ражабов өлкө мыйзамдарына ылайык, карантин маалынде же башка чектөөлөр шартында жумуш берүүчү кызматкерлерине орто айлык акы төлөп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Эмгек кодексинен тышкары президенттин карантин тууралуу жарлыгында да бюджетте иштеген кызматкерлерге айлык толук төлөнүп берилерине кепилдик берилген.

Финансы министри Тимур Ишметов парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында карантинге, ошондой эле Бухара жана Сырдарыя облустарындагы табият кырсыктарына байланыштуу мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнө олуттуу өзгөртүү киргизилгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG