Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Быйыл ВИЧ-СПИДге каршы иш-чаралар онлайн болот


Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы. Ноябрь, 2020-жыл.
Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы. Ноябрь, 2020-жыл.

Быйыл ВИЧ-СПИДге каршы эл аралык күн Кыргызстанда «Глобалдык тилектештик, жалпы жоопкерчилик» деген жалпы ураандын алдында өтөт.

Коронавирус пандемиясынан улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо боюнча бардык программаларга да өзгөртүү киргизилди.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына караганда, быйылкы иш-чаралардын баары онлайн форматта өтөт. «Public Talk» талкуусунда ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо, ВИЧ менен жашаган адамдарга байланыштуу программалар тууралуу сөз болуп, маалымат каражаттарынын, блогерлердин жана дарыгерлердин арасында жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер.

Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG