Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Трамп дагы эле «президенттик шайлоодо жеңилген жокмун» деп жатат


АКШ президенти Доналmд Трамп. 2020-жылдын 26-ноябры.
АКШ президенти Доналmд Трамп. 2020-жылдын 26-ноябры.

АКШ президенти, республикачы Дональд Трамп 29-ноябрда «Фокс Ньюс» («Fox News») маалымат каналына курган маегинде быйылкы президенттик шайлоодо өзү жеңишке жеткендиги тууралуу оюн дагы бир ирет кайталады. «Биз шайлоодо жеңил эле уттук. Байден миллиондогон добуш алышы мүмкүн эмес», - деди Трамп.

Ал «Фокс Ньюс» («Fox News») маалымат каналына 3-ноябрдагы шайлоодон кийин алгачкы жолу маек курду жана Висконсин штатындагы добушту кайра саноонун жыйынтыгы Байдендин пайдасына аяктаса да, өз ою өзгөрбөй турганын баса белгиледи.

Трамптын укугун коргогон топ өлкөдө көптөгөн сот иштери боюнча демилге көтөрдү, бирок жетишердик далилдери болбогондуктан, алардын дээрлик бардыгында бул топтун арызы четке кагылды.

Висконсин штатындагы добушту кайра саноо 29-ноябрда жыйынтыкталып, мында да демократ Жо Байден жеңип чыккандыгы, анын пайдасына 20 миңден ашуун добуш көбүрөөк берилгендиги тастыкталды.

Буга чейин Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн укук тобу Аризона, Жоржия, Мичиган, Невада жана Пенсилвания штаттарындагы соттордо жеңилүү ызасын тарткан болчу.

14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өзүнүн отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт. Бирок буга чейин эле дүйнөнүн ири мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн лидерлери Жо Байденди президент болуп шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү. (TT)

XS
SM
MD
LG