Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 19:15

Путин Байденди эмне үчүн куттуктабай жатканын айтты


Орус президенти Владимир Путин, Москва, 17-ноябрь 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын шайланган президенти Жо Байденди куттуктабай жатканында жашыруун мүдө-максат жок экенин, болгону Кошмо Штаттардагы "ички саясий карама-каршылыктардын чечилишин" күтүп жатканын билдирди. Ал мындай пикирин 22-ноябрда "Россия 1" мамлекеттик телеканалында жарыяланган маегинде айтты.

"Биз учурдагы президент Трампка да, бул кызматка талапкер Байден мырзага да сый мамиле кылабыз. Бул жерде биз үчүн эч кандай маселе жок. Формалдуу нерселер", - деди Путин.

Ошондой эле "кайсы бир талапкерди жаман көрүү, экинчисине жан тартуу" деген маселе жок экенин кошумчалап, "ансыз деле бузулган мамилени буза албайсың" деп белгиледи.

Буга чейин дүйнөлүк бир катар лидерлер, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн бир топ башчылары Жо Байденге куттуктоо катын жолдошкон. Бирок Орусиянын жетекчилиги Байденди куттуктай элек.

2016-жылкы шайлоодо Путин Дональд Трампты башка дүйнө лидерлери менен кошо тез эле куттуктаган. Анда Кремл куттуктоосун демократтардын талапкери Хиллари Клинтон утулганын мойнуна алгандан 12 саат өтүп-өтпөй жолдогон.

Кошмо Штаттарда 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун бейрасмий жыйынтыгына ылайык, Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден жеңүүчү деп жарыяланган. Байден өлкө боюнча топтогон добуштар жана шайлоо коллегиясынын алдын ала добуштары боюнча да алдыга чыккан. Бирок президент Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келет.

12-декабрда шайлоо коллегиясынын мүчөлөрү чогулуп, жеңүүчүнү расмий түрдө жарыялайт. Шайланган президенттин инаугурациясы 21-январда өтмөкчү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG