Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:13

АКШ "Ачык асман" келишиминен чыгуу ниетинде


АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 2020-жылдын 19-ноябры.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 2020-жылдын 19-ноябры.

Кошмо Штаттар 18 жылдан бери күчүндө болуп келген жана курал-жарактарга көзөмөл киргизүү максатын көздөгөн "Ачык асман" эл аралык келишиминен чыгуу тууралуу ниетин алты ай мурда расмий билдирген. Вашингтон Кремлди аталган келишимди одоно бузуп жатат деп бир нече жолу айыптаган.

АКШнын бул келишимден чыгуусу 22-ноябрга белгиленген. Бул иш-аракет азыркы президент Доналд Трамптын курал-жарактарды эл аралык көзөмөлдөө системасына каршы акыркы соккусу болуп калгансыды. Трамптын оюнча, мындай келишимдер атайылап АКШнын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө багытталган.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео быйыл 21-майда өз өлкөсү алты айдын ичинде "Ачык асман" келишиминен чыга тургандыгын бул келишимге кол койгон башка 34 өлкөгө маалымдаган болчу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун бул ниетин кескин сынга алган. Европа өлкөлөрү келишимден чыкпай тургандыктарын маалымдашкан.

Азырынча Ак үй "Ачык асман" келишиминен чыгуу ниетин тастыктаган жаңы билдирүүсүн жарыялай элек.

XS
SM
MD
LG