Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 07:57

Грузиянын бийликтеги партиясы шайлоонун 2-айлампасында жеңди


Грузиядагы шайлоо тилкелеринин бири 2-айлампадагы добуш берүү маалында. 2020-жылдын 1-ноябры.

Грузияда 21-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында бийликтеги "Грузия кыялы" партиясынын талапкерлери бардык бир мандаттуу 17 шайлоо чөлкөмүндө алдыга озуп чыгышты. Бул тууралуу өлкөнүн БШКсы өз интернет барагында маалымдады.

Ал эми 31-октябрдагы биринчи айлампаны мыйзамсыз деп санаган оппозициялык партиялар экинчи айлампага бойкот жарыялашты.

21-ноябрдагы шайлооого 2,1 миллион жаран катыша алмак. Алар үчүн 2 миңдей шайлоо тилкеси уюштурулган. Экинчи айлампага добуш берүүгө шайлоочулардын 26,29 пайызы гана келди. 562 664 шайлоочу добуш берүүгө катышты.

Эки айлампанын жалпы жыйынтыгында 150 мандаттуу парламенттин 90 оруну "Грузин кыялы" партиясына тиймекчи. Калган 60 орун оппозициялык сегиз партияга тийди.

Иш жүзүндө "Грузин кыялы" партиясы шайлоонун экинчи айлампасына катышкан жалгыз партия болду. Ал эми экинчи айлампага коюлган оппозициячыл талапкерлердин ысымдары тизмеге жөн гана киргизилип койду. Мында өз ысымы бар оппозициячыл талапкерлер өз колдоочуларын бул шайлоо айлампасына катышпоого чакырып, аны "шылдың оюн" деп кескин сындап жатышты.

Грузиядагы жаңы мыйзамга ылайык, 150 орундун 120сы партиялык тизмеге ылайык жана 30у бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн шайланмак. Парламенттик шайлоо боюнча бул жаңы мыйзамды АКШ менен Евробиримдик колдоого алган.

Грузин оппозициясынын өкүлдөрү АКШнын Мамкатчысы Помпео иш сапар менен өлкөгө келген маалга белгиленген нааразылык жыйынында. Тбилиси. 2020-жылдын 18-ноябры.
Грузин оппозициясынын өкүлдөрү АКШнын Мамкатчысы Помпео иш сапар менен өлкөгө келген маалга белгиленген нааразылык жыйынында. Тбилиси. 2020-жылдын 18-ноябры.

Биринчи айлампада бир мандаттуу чөлкөмдөрдүн 13үнүн жеңүүчүлөрү аныкталган. Калган 17синде көбүрөөк добуш алган эки талапкердин ысымдары киргизилген. Эми экинчи айлампадагы бардык 17 орунду бийликтеги "Грузия кыялы" партиясынын өкүлдөрү жеңгени маалым болду.

"Грузия кыялы" партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе эми парламенттин жаңы чакырылышынын курамындагы 120 орун өз партиясына тийе тургандыгын кубануу менен билдирди.

Ал эми анча-мынча депутаттык орунга жеткен 8 партиянын бардыгы тең өз мандаттарынан баш тартышаарын билдиришти. Алар бир нече шаарда таптакыр жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү жана БШКнын курамын алмаштыруу талабы менен нааразылык жыйындарын өткөрүп келишти.

Бийлик менен оппозициянын тынчтык жолу менен акыбалдан чыгуу үчүн сүйлөшүү аракеттери азырынча майнапсыз аяктады. Грузия бийлиги жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүдөн караманча баш тартууда.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG