Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Саясатчы Бектур Асанов ачкачылыгын токтотту


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Бектур Асанов 29-ноябрда брифинг өткөрүп, ачкачылык акциясын токтотконун кабарлады. Ал мындай чечимди саясаттагы өнөктөштөрүнүн жана досторунун өтүнүчү менен кабыл алганын, ага карабай күрөш улана берерин айтты.

Брифингде анын жанында саясатчылар, экс-премьер-министр Феликс Кулов, депутаттар Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чогуу отурушту.

Бектур Асанов 27-ноябрда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялап, мунун себебин өзүнүн сот иштери улам жылып жатканы менен байланыштырган. Ал өзүнө 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку сотто кайра каралбай, 10-декабрга жылып калганына нааразылык билдирген.

«Бул саясий буйруктун негизинде, мени президенттик шайлоого катыштырбоо максатында, атайын жасалып жатат», - деген Бектур Асанов.

Ал соттон калыс чечим күтөрүн 29-ноябрдагы брифингде билдирди.

Саясатчы ушул эле күнү басылмаларга берген маегинде Садыр Жапаровду сындагандарды жана президенттикке талапкерлигин койгон кишилерди анын тарапкерлери «өлтүрүп кетебиз» деп коркутуп жатканын айткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бектур Асановду «адамдардын эмоциясы менен ойнобоого» чакырган.

Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттикке талапкер болуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берип, президенттин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп, өкмөт башчы кызматын аткарууну убактылуу токтоткон. БШКнын маалыматына караганда учурда талапкер болуу ниетин билдирген 47 жарандын документи кароодон өтүп жатат.

БШК 19-ноябрда Бектур Асановду «соттолгон» деген негиз менен президенттик жарыштан четтеткен. БШК президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген дагы 12 жарандын документин ар кандай негиздер менен кайтарып берген.

Бектур Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда саясатчылар Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков менен кошо «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык караган, алар ошол жылдын 12-февралында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG