Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:23

Өзбекстан сириялык лагерлерде кармалган өз жарандарынын тобун кайтарат


Сириядагы Камышлы шаарынын жанында жүзү толук чүмбөттөлгөн өзбек аялдары Өзбекстандын дипломаттарына өткөрүлүп берилип жаткан учур. 2019-жылдын 29-майы.
Сириядагы Камышлы шаарынын жанында жүзү толук чүмбөттөлгөн өзбек аялдары Өзбекстандын дипломаттарына өткөрүлүп берилип жаткан учур. 2019-жылдын 29-майы.

Расмий Ташкент Сириядагы террорчул “Ислам мамлекетинин” мурдагы жоочулары жана алардын жакындары кармалган лагерде кала берип жаткан өзбекстандык жарандардын дагы бир тобун мекенине кайтармакчы. Бул тууралуу Өзбекстандын өкмөтүндөгү өз ысымын атагысы келбеген кызматкер айтканын “Рейтер” агенттиги 29-ноябрда маалымдады.

Өзбекстандын расмий өкүлчүлүгү Сириядагы күрттөр көзөмөлдөп жаткан чөлкөмгө барып, мындагы 100 чакты өзбекстандык менен жолуккан. Алардын көбү аялдар менен балдар болгон. Өзбек бозгундар өзгөчө катаал турмуш-тиричилик кырдаалында, ичээр суу, дары-дармек тартыштыгында жашап жатканын бул делегациянын өкүлдөрү айтып келишкенин алиги булак “Рейтер” агенттигине айткан.

БУУнун болжолдуу баасына караганда, Сириядагы ал-Хал лагеринде 65 миңдей киши кармалууда. Алардын арасында 28 миң сириялык, 20 миң ирактык жана ар кыл улуттан келген 10 миңдей киши бар.

Былтыр Өзбекстан Сириядан 220дай аялдар менен балдарды өз мекенине кайтарып келген.

XS
SM
MD
LG