Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Өсмөгө чалдыккан аялдарга кеңеш берүүчү жай ачылат


Көчмө маммограф.
Көчмө маммограф.

Бүгүн, 30-ноябрда Улуттук онкология жана гематология борборунда көкүрөк бездеринин жана жатындын өсмөсүнөн (рак) жабыркаган аялдарга кеп-кеңеш берүүчү борбордун ачылышы болот. Борбор өсмөгө чалдыккан аялдардын жашоосун жеңилдетип, аларга сапаттуу жана жеткиликтүү дарыланууга шарт түзүү жана эрте аныкталган өсмө оорусун айыктырууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү максатында ишке киришүүдө.

2019-жылы Кыргызстанда көкүрөк бездеринин өсмөсүнө чалдыккан 624, жатын рагына кабылган 408 аял катталган. Өлүм-житим түзүмүндөгү биринчи орунду көкүрөк бездеринин рагы ээлеген.

2-декабрдан тартып көкүрөк бездеринин жана жатындын өсмөсүн аныктоо максатында көчмө маммограф иштей баштайт. Санариптик көчмө маммограф Чүйдүн Кемин районунда 40 жаштан улуу курактагы аялдардын көкүрөк бездерин жана жатын моюнчасын санариптик негизде текшерип берет.

Санариптик маммограф аялдардагы ооруларды аныктап, маалыматты Саламаттык сактоо министрлигине, Улуттук онкология жана гематология борборуна Интернет аркылуу жиберип турат. Натыйжада аялдардын ден соолугуна байланыштуу маалымат базасы да топтолот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG