Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Лукашенкого каршы чыккан 300дөн ашуун демонстрант кармалганы кабарланды


"Коңшулар жүрүшүнө" катышкандардын өкүлдөрү. Гомель шаары, Беларус. 2020-жылдын 29-ноябры.
"Коңшулар жүрүшүнө" катышкандардын өкүлдөрү. Гомель шаары, Беларус. 2020-жылдын 29-ноябры.

29-ноябрда Александр Лукашенкону бийликтен кетирүүнү талап кылган нааразылык жүрүштөрүнө катышкан 300дөн ашуун демонстрант Минск, Брест, Гродно жана башка шаарларда, Минскиге жакын Боровляны жергесинде коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалганын укук коргоочу «Весна» уюму маалымдады.

Беларус оппозициясы ушуну менен экинча апта бою «Коңшулар жүрүшү» деп аталган тактиканы колдонууда. Ага ылайык, нааразылык чаралары бир жерде эмес, шаардын жана өлкөнүн башка аймактарында бир учурда уюшулгандыктан, коопсуздук күчтөрүнүн аларды таркатышы жана кармоосу кыйынга турууда.

Жекшембиде коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана кулак тундурчу гранаталарды колдонгонун «Азаттыктын» Беларус кызматы маалымдады.

Минск шаарында телефон аркылуу колдонулчу Интернет өчүрүлдү. Борбор шаардын айрым метро бекеттери жабылды. Катаал коопсуздук чараларына жана кысымга карабастан, борбордун дээрлик бардык райондорунда нааразылык жыйындары өткөрүлдү.

Кошмо Штаттар менен Евробиримдик Лукашенконун кайра шайлангандыгы тууралуу жыйынтыкты тааныган эмес. Беларус оппозициясы кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Лукашенко болсо өлкө Башмыйзамы өзгөргөн соң гана кызматтан кетерин билдирген. Ал 17-ноябрдагы өкмөттүк чогулушта күч органдарына борбор шаарды тартипке салууга, нааразылык иш-чараларын токтотууга буйрук берген.

2020-жылдын 9-августундагы “президенттик шайлоо жыйынтыгы одоно бурмаланды” деп эсептеген Беларус калайыгынын көпчүлүк бөлүгү ар кыл нааразылык чараларды дээрлик 113 күндөн бери ырааттуу уюштуруп келет. (TT)

XS
SM
MD
LG