Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Лукашенко жаңы конституция кабыл алынгандан кийин кызматтан кетерин айтты


А.Лукашенко Минсктеги оорукана дарыгерлери менен.
А.Лукашенко Минсктеги оорукана дарыгерлери менен.

Александр Лукашенко Беларуста жаңы конституция кабыл алынган соң кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу БелТА маалымат агенттиги жазып чыкты.

Лукашенко Минсктеги ооруканага барган учурунда “Жаңы конституция кабыл алынган учурда силер менен президент катары иштешпей калган болом”, - деп айткан.

Ал жаңы конституция качан кабыл алынарын тактаган эмес. Бирок Беларус Баш мыйзамын жана президенттин укуктары боюнча өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгилеген.

Лукашенко буга чейин Конституцияны өзгөртүү боюнча маселени бир нече жолу көтөрүп келген. Бирок оппозиция аны убакыттан утуу гана айласы катары сыпаттап, кескин сындашкан болчу.

Беларуста президенттик шайлоо өткөн быйылкы август айынан бери анын жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын айткан оппозициянын нааразылык иш-чаралары токтобой келет. Бир катар Батыш өлкөлөрү Беларустагы бурмалоолор менен өткөрүлдү делген президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбастан, Лукашенко баштаган бир нече бийлик өкүлүнө санкция киргизген.

Оппозиция Лукашенкого каршы нааразылык акцияларды ырааттуу өткөрүп келет. Нааразылык чараларынын жүрүшүндө тартип сактоо күчтөрү аларга каршы күч колдонуп, жүздөгөн кишилерди камакка алган.

XS
SM
MD
LG