Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда элге акысыз юридикалык жардам берүү декадасы башталды. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 30-ноябрдан 5-декабрга чейин ар бир облустун тургуну жашаган жерине жакын мекемеден (акимчилик, мэрия, айыл өкмөтү, нотариалдык контора ж.б.) укуктук кеп-кеңеш ала алат.

Калктын аз камсыз болгон катмарын укуктук жактан коргоону жакшыртуу, маалымат берүү жана алардын укугун коргоо максатында уюштурулган декаданы өткөрүүгө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы жардам берүүдө.

Акция 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүн утурлай уюштурулду. 1948-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

Акысыз юридикалык жардам берүү иш-чаралары Кыргызстанда жыл сайын уюштурулуп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG