Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Иран уран байытуунун чектелишин жокко чыгарган мыйзам кабыл алат


Иран парламенти.
Иран парламенти.

Иран парламенти өкмөттөн уранды өзөктүк курал жасаш үчүн керектүү деңгээлде байытууну жана калган чектөөлөргө баш ийбөөнү талап кылган мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алды. Бирок өлкөнүн бийлиги окумуштуу-физик Мохсен Фахризаденин киши колдуу болушуна жооп катары сунуш кылынган бул кадам Тегерандын атомдук саясатын өзгөртпөсүн билдирди. Бул тармак Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин карамагына кирет.

Фахризаде машинеси 27-ноябрда баш калаанын жака-белинде буктурмадан аткыланган октон жараат алып каза болгон. Тегеран кол салуу үчүн Израилди айыптап келатат. Тел-Авив окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Көп адамдар Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу амалы катары баалаган кылмыш үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Иран атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөй турганын билдирип келатат.

Израилдин маалыматына ылайык, Фахризаде Ирандын атомдук программасынын жетекчиси болчу жана 2008-жылы Вашинтондун санкцияларына туш болгон.

Иранда талкууга коюлган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылып, атайын кеңешмеден өтсө гана мыйзамга айланат.

XS
SM
MD
LG