Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Конституциялык палата «Реформа» партиясынын арызын карайт


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык палата бүгүн, 2-декабрда «Реформа» саясий партиясынын арызын карайт. Бул маалыматты арыз ээси, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Азаттыкка» ырастады:

«Шайлоо тууралуу мыйзамдын эки беренесин токтотуп, БШКнын 20-декабрга парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча чечимди жокко чыгарышкан. Мына ушуну жана 28-октябрдан кийинки шашылыш кабыл алган бардык чечимдеринин мыйзамдуулугун карап берүүсүн өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылганбыз. Оң жагына чечилет деп ишенип турабыз».

Арызды кароо буга чейин кворум жоктугуна байланыштуу бир жолу жылдырылган.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын маалымдаган.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG