Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:59

Орусиядан Тажикстанга чартердик каттамдарды жүргүзүү уланат


Орусиядагы борбор азиялык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы борбор азиялык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

1-декабрда Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Саттори Орусиянын шаарларынан Дүйшөмбүгө мурдагыдай эле күнүнө бештен чартердик авиа каттам жүргүзүлөрүн билдирди.

«Тизмеси жарыяланбаса да авиакомпаниялар «Росавиациядан» уруксат алып чартердик каттамдарды жүргүзө беришет. Суроо-талап болуп турса мындай каттамдар эки өлкө ортосундагы ыраттуу учуу калыбына келтирилгенге чейин жүргүзүлө берет», - деди элчи.

Ал ортодо тажик мигранттары Орусия менен Тажикстандын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын калыбына келишин күтүп жатышат. Азырынча эки өлкөнүн авиациялык органдары бул маселе боюнча бир пикирге келе элек.

Ноябрда Орусиянын шаарларынан Дүйшөмбүгө учуп жаткан «Сомон Эйр» авиакомпаниясы чартердик каттамдарга билеттерди 395 евродон саткан. Авиакомпаниянын өкүлү учактар Орусияга бош учуп жаткандыктан, кызмат көрсөтүү акысы 40% жогорулаганын билдирген.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербеш үчүн аба каттамдарын марттын аягында токтоткон.

XS
SM
MD
LG