Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Коронавирус жугузуп алган медкызматкерлер 3900дөн ашты


Кыргызстандын медицина кызматкерлери иш учурунда. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстандын медицина кызматкерлери иш учурунда. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде дагы 12 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алганы расмий аныкталды.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 2-декабрдагы маалыматына караганда, алардын төртөө илдетке кызыл зонада чалдыккан.

Бир суткада стационардан алты, үй карантинде отурган тогуз медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери COVID-19 диагнозу жалпы 3932 медкызматкерден табылды, алардын 3623ү айыкты. Вирус 80ден ашык кызматкердин өмүрүн алды.

Буга чейин коронавирус жугузуп алган 479 дарыгерге 200 миң сомдон, каза болгон 29 кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөнүп берилген.

Өкмөт иш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон, каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп бермей болгон.

2-декабрдагы расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 73 513 кишиге жукту, алардын 1277си каза болуп, 65 189у айыкты.

Ноябрда өкмөт коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөш үчүн документтерди кабыл алууну убактылуу токтотконун билдирген. Муну өкмөт мурда кайрылгандардын саны 3000ге чукулдап калгандыктан, алардын документтери текшерилип бүтмөйүнчө башкалардан арыз алынбай турганы менен түшүндүргөн.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, кенемте сурап кайрылгандардын арасынан 1-сентябрга чейин ооруп калгандардин гана документтери каралууда. Башкалар кийинки этапка калат.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG