Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Шайлоо: Өзүн тизмеден издеген мигранттар


Москвада иштеген кыргызстандык.
Москвада иштеген кыргызстандык.

Орусияда айрым мигранттар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таппай калып жатышканына арызданышууда.

Москвада иштеген Мурзабек Досматов 4-октябрда ​№2 форма менен парламенттик шайлоодо добуш берген. Орусияда шайлоого 6,5 миңдей адам катышса, төрт миңдей мигрант №2 форма менен добуш бере алган.

6-октябрда БШК ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, бир айдын ичинде кайра шайлоонун мөөнөтү аныкталарын билдирген. Көп өтпөй 10-январда чукул президенттик шайлоо өткөрүү пландалып, парламенттик шайлоо жайга калтырылган.

Январда президенттик шайлоодо добуш берүүгө камданган Мырзабек Досматов эми өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппай калган экен.

«Мен шайлоочулардын тизмесинен өзүмдү таппай калып катуу капа болдум. Ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса деле шайлоочулардын тизмеси сакталышы керек эле да. Буга чейинки добуш берүүлөрдүн тарыхы да сакталбаптыр. Азыр эми туулган айылымда каттоодо жүрөм. Эми кайра консулдук каттоого туруп, №2 форма арызын жазышым керек. Бирок мен шайлоого сөзсүз барам».

Москвадагы мигранттардын көбү элчиликке күнүгө паспорт алмаштыруу же башка консулдук кызмат алуу үчүн келип, эртели-кеч мекеменин алдында тургандардын узак кезегинен заарканышат.

Октябрда шайлоо алдында дипломатиялык мекеме иш жана дем алыш күндөрү түнкү 11ге чейин иштеп, миңдеген адамдардын арызын кабыл алышкан.

Мигранттар үчүн зарыл №2 форма

Шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн таппай калган мигранттардын арызы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганыбызда мекеменин кызматкери Бурул Болотакунова чет жактагы шайлоочулардын тизмеси такталып жатканын билдирди.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоодо жарым миллионго жакын адам №2 форма менен добуш бергени добуш сатып алуу катары бааланып, өлкөдө ага чектөө киргизилген. Мындай арыз менен чет өлкөдө жүргөн жарандар гана шайлоочулардын тизмесине кире алышат.

«Бул арыз кыска мөөнөткө эле жазылат. Ошол кезде жарандар консулдук каттоого убактылуу туруп, арызды да ошол мөөнөткө толтурса, шайлоодон кийин алар тизмеден чыгарылып калат. Ушул себептен биздин мигранттар шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн таппай калышы мүмкүн, - деди Бурул Болотакунова. - Экинчиден, Кыргызстанда бул арыз менен шайлоочулардын тизмесине алууга чектөө коюлду. Ушул себептен биз азыркы кезде ТИМдин берген маалыматтары боюнча чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесин кайрадан тактап жатабыз. Бул база улам жаңырып турат. Жарандарыбыз да өздөрүн текшерип турушса болот».

Мекеменин маалыматы боюнча учурда чет өлкөлөрдөгү 28 миңдей адамдын тизмеси такталган.

2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоодо Орусиядагы кыргызстандыктар үчүн 12 шайлоо тилкеси ачылат.

Ар бир шайлоодо чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардан биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого туруу, же №2 форма арызы талап кылынат.

Шайлоого даярдык

Орусиядагы кыргыз диаспора өкүлдөрү консулдук каттоону, биометрикалык маалыматтарды тапшырууну, жүргөн жеринде добуш берүү үчүн арыз жазууну талап кылган шарттар мигранттардын шайлоо укуктарын чектеп жатканын айтып келишет.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Орозайым Нарматова буларды айтты:

Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова

«Парламенттик шайлоо жокко чыгарылгандан кийин чет жакта жүргөн жарандарды базадан чыгарбаш керек болчу. Кайра шайлоо уюштурулары белгилүү эле да. Анда да элчиликте адегенде «консулдук каттоого турсаңыздар жетиштүү, дароо шайлоочулардын тизмесине киресиңер» деген маалымат таркатышып, кийин баарын кайра №2 форма арызын тапшырууга милдеттендиришкен. Ушундай эки ача маалымат болгон. Ошон үчүн азыр биз мигранттарга "дароо арыз тапшыргыла" деп түшүндүрүп жатабыз».

Нарматованын белгилешинче, Орусиядагы мигранттарга шайлоодо добуш берүүнүн шарттары тууралуу так жана туура түшүндүрмө берүү керек.

«Мигранттардын добушу Кыргызстандагы көп нерсени өзгөртөт. Бурмаланган эмес, таза адилеттүү шайлоого жол ачат. Мигранттарды эч ким коркутуп, же добушун сатып ала албайт. Болгону бардык кошумча талаптарды алып, жаңы биометрикалык паспорттор менен каалаган жеринде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүш керек».

Ал эми «Мекенчил» партиясынын өкүлү Урмат Асанов жылдан жылга мигранттардын саясий активдүүлүгү жогорулап, шайлоо укугун колдонууну каалагандардын катмары калыңдаганын белгилейт.

Урмат Асанов
Урмат Асанов

«Бул сапар шайлоого катышабыз дегендер көп. Өткөн шайлоодо “электрондук түрдө консулдук каттоого туруп, шайлоочулардын тизмесине кирсе болот” деп, кийин көп жарандарыбыз тизмеден өздөрүн таппай калышкан. Азыр да ушундай кабарлар болуп жатат. Биз Бишкекке «бул шарттарды жеңилдетип бергиле» деп кайрылдык. Ошондой эле мигранттардан консулдук каттоо, №2 форма талап кылынгандан кийин биз да элчилик ага жараша азыртадан баштап дем алыш күндөрү иштеп, бул арыздарды кабыл ала баштаса деп суранып жатабыз».

Москвадагы кыргыз элчилиги Орусиядагы жарандарды tizme.gov.kg сайты аркылуу тизмеден өзүн тактап алууга жана консулдук каттоого алдын ала туруп, №2 форма арызын тапшырууга чакырып жатат.

Орусиядагы жүз миңдеген мигранттардын арасынан шайлоого катышкандардын саны 0,01 пайызга да жетпейт.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Орусиянын аймагында 12 шайлоо тилкеси ачылып, 6 465 жаран добуш берген. Ал эми миграцияда жүргөндөрдүн саны жарым миллиондон ашат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG