Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

10-январда референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору БШКнын талкуусуна коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун талдоого алып жатат. Бул тууралуу 2-декабрда «Азаттыкка» Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Парламенттин тийиштүү комитети аны БШКнын кароосуна жөнөткөн.

Бекматовдун айтымында, референдум мыйзамдын негизинде дайындалат. Эгер чечим кабыл алынса 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турган президенттик шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет. Эсептөө өз-өзүнчө жүрүзүлөт, кошумча каражат экинчи бюллетенди басып чыгарууга гана талап кылынат.

«Референдум маселесин Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алуу менен жүзөгө ашырат, - деди ал. - А биз өзүбүздүн сунуш-пикирибизди парламенттик комитетке кыска мөөнөттө бергенге аракет кылабыз. Биз ошол мыйзамга жараша уюштуруу, өткөрүү иштерин жүргүзөбүз. Кошумча каражат бюллетень даярдаганга талап кылынат. Биз ар бир шайлоо бекетин эки автоматтык эсептегич урна менен камсыз кылышыбыз керек болот. Референдумдун катышуучулары бюллетенди ошол экинчи урнага салышы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса экинчи бюллетень болот, аны саноонун жол-жобосун комиссиянын мүчөлөрүнө үйрөтөбүз. Андан башка чыгым болбойт».

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG