Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

3-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

3-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 күндүз 6…8 градус болот.

XS
SM
MD
LG