Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Кой-Таш окуясы боюнча сотко Алмазбек Атамбаев жеткирилген жок


Алмазбек Атамбаев сотто. Ноябрь, 2020-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотто. Ноябрь, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча 2-декабрга белгиленген жараян болгон жок. Ишти карап жаткан судья айыпталуучулардын бири, экс-президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сотко келе албай калгандыктан жараянды 9-декабрга жылдырды.

Соттун жылышына дагы бир айыпталуучу, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун өлкөдө жоктугу да себеп болду. Бул тууралуу Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири, Атамбаевди жактаган КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү жараянда адвокаттар Алмазбек Атамбаевдин дене табы жогору болуп, жөтөлүп жатканы тууралуу дарыгерлердин маалымкатын сотко көрсөттү.

Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Албек Ибраимов 6-октябрга караган түнү тарапкерлери тарабынан бошотулган. ЖАМК абактан чыккан саясатчыга 12-октябрга чейин өргүү берилгенин маалымдап, ал бүткөн соң өз эрки менен абакка келбесе чара көрүлөрүн эскерткен. Кийинчерээк Албек Ибраимов өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында анын Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон.

Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн он чактысы суралып бүттү. Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG