Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Бишкектин окуучуларын бир айлык кышкы каникулга эртерээк таратуу жөнүндө сунуш айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинде окуучулардын кышкы каникулун 14-декабрда эле баштап, 17-январга чейин улантуу тууралуу сунуш айтылды. Шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко 2-декабрдагы сессияда каникулга кеткен ашыкча күндөр үчүн балдарды кийин май айында окутса болорун билдирди:

“Ата-энелер абдан чарчады. Тилекке каршы, балдар арасында суицид көбөйдү. Андайлар көбөйүп жатканы бизди тынчсыздандырбай койбойт”.

Шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маселени мэрия чечпей турганын билдирип, сунушту Билим жана илим министрлигине жөнөтөрүн айтты.

Мэриянын маалыматына караганда, азыр борбор калаада 638 бала коронавирус менен ооруп жатат.

Адатта кышкы каникул 30-январда башталып, 11-январга чейин уланат. (RK)

XS
SM
MD
LG