Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Бөрүбашев: Биз Конституцияны өзгөрткөн жокпуз, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатабыз


Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.
Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.

Кыргызстанда Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 2-декабрда «Азаттыктын» түз ободогу «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Бөрүбашев Конституциялык кеңешме коомдук консультативдик орган экенин эске салып, ал президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгынын негизинде «Конституция жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап жатканын айтты. Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы мыйзамдуу экенин кошумчалады.

«10-январда референдум болобу-жокпу, мен билбейм. Аны мен чече албайм, ага жооп бере албайм. Азыр бизге коюлган маселе боюнча кеңешменин төрагасы катары айтайын, долбоорду колдон келишинче жакшылап бышырып беришибиз керек. Азыр секция боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат. Бир да берене боюнча чечим кабыл алына элек. Конституциялык реформа деген эмне? Ошону түшүнүп алалы. Реформа деген Конституцияны өзгөртүүнүн жолдору. Мунун эки жолу бар. Биринчиси - Конституцияны оңдоо, экинчиси - кайра карап чыгуу. Биринчи жолу эки этаптан турат. Конституцияны өзгөртүү жана толуктоо. Экинчиси болсо кайра карап чыгуу. Биздин Баш мыйзамыбыздын жетишпеген жагы кайсы? 2010-жылы булар өзгөртүүнү эле коюп коюшкан. Аны толуктаганга да, кайра карап чыкканга да акыбыз жок. Мына ушул жерде узурпация турат. Элдин эркин чектеп жатат. Мына, «Баш мыйзамды өзгөртпөгүлө» деген жүрүш болуп атат. Биз Баш мыйзамды өзгөрткөн жерибиз жок, силер коркпогула. Баш мыйзам кандай жазылса ошол бойдон турат. Азыр биз карап жаткан Баш мыйзам - бул жаңы Баш мыйзам. Коомдо альтернатива болсун», - деди Бөрүбашев.

Программада Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев

«Мамлекетте турмуш чечкиндүү бурулуп, өзгөргөндө Конституция жаңы кабыл алынышы мүмкүн. Бирок, биз 30 жылдан бери бир Конституция менен жашап жатабыз»,- деди Масалиев.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес.

Ал өз маектеринде «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп билдирген.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү.

Демилге парламентте кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн. (NT)

XS
SM
MD
LG