Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Садыр Жапаров: Коррупцияга аралашкандар жооп берсин


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Коррупцияга айыптуулардын баары мыйзам алдында бирдей жооп бериши зарыл. Мындай пикир премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып берген Садыр Жапаровдун ысымындагы «Фейсбуктагы» жеке баракчага жазылды.

Анда башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) башчыларын дайындап жатканда «эч бир олигархты же кайсы бир аткаминерди калкалабайм. Мамлекеттин казынасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо, мейли, ким болбосун, жооп берүүгө тийиш» дегенин белгилеп, «элдин мүлкүн кайтарып беришсин» деп жазылган.

Ал кимдер тууралуу сөз болуп жатканын конкреттештирген эмес.

Жапаров коррупциялык иштер боюнча камала баштаган анын «тааныш аткаминерлеринин, жердештеринин туугандары «чыгарып бер» деп келип жатышканын» жазып, аны минтип негиздеген:

«Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз - атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекет кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу».

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун 5-6-октябрдагы башаламандыкка чейин жеткен нааразылык акциялары өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Камактагы башка саясатчылардын катарында тарапкерлери түрмөдөн бошоткон Садыр Жапаров 10-октябрда премьер-министр, 16-октябрда президенттин милдетин аткаруучу болуп Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган.

Октябрдагы бийлик алмашуудан бери бир топ мурдагы жана азыркы кызматкерлерге карата коррупция боюнча кылмыш иштери козголууда. Алардын айрымдары кармалгандан кийин тергөө менен кызматташып же башка себеп менен эркиндикке кое берилип жатканы коомчулукта талкуу жаратууда.

Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын өкмөттүн 29-октябрдагы жыйында билдирип, жемкорлукту жоюуга шарт түзүш үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл экенин айткан.

Президенттик кызматка ат салышуу үчүн Садыр Жапаров 14-ноябрда премьер-министрлик кызматын убактылуу токтотуп, президенттин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.

Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Ушул эле күнү мамлекеттик башкаруунун формасын (президенттик же парламенттик башкаруу) аныктоо боюнча референдум өткөрүү маселеси да күн тартибинде турат. (RK)

XS
SM
MD
LG