Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:42

Жыштык чуусу: Байланыш агенттигинин мурдагы директору үй камагына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Байланыш агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 4-декабрда «Азаттыкка» Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Черногубова быйыл, 2020-жылы май айында Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура сотко чейинки териштирүү 7-апрелде башталганын кабарлаган.

Ал «уюк байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып байланыш операторунун лицензиясын стандарттарды өзгөртүү менен мыйзамдарды бузуп, кайра каттаган» деп шек саналып жатканы айтылган.

Кылмышка шектүү тарап комментарий же башка маалымат бере элек.

Мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганына байланыштуу жалпысынан жети адам камакка алынган.

11-ноябрда бул иш боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жана Аскер прокуратурасынын мекеме аралык ыкчам тергөө тобу өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыевди кармаган.

Айрым маалыматтарга караганда, Черногубова тергөө менен кызматташууга макул болду. (RK)

XS
SM
MD
LG