Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:51

5-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 күндүз -3…-5 градус болот.

XS
SM
MD
LG