Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Таласта күн-түн «Манас» айтуу иш-чарасы өтүп жатат


Күн-түн «Манас» айтуу иш-чарасы Таластагы «Манас Ордо» комплексинде өтүп жатат.
Күн-түн «Манас» айтуу иш-чарасы Таластагы «Манас Ордо» комплексинде өтүп жатат.

Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде бүгүн, 4-декабрда бир сутка бою «Манас» айтуу иш-чарасы өтүп жатат. Аны уюштурган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, иш-чара бүгүнкү «Манас күнүнө» арналат жана ага Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш жана белгилүү манасчылар катышууда.

5-декабрда саат 11:00 жыйынтыктала турган иш-чараны «Маданият. Тарых. Тил» каналы түз эфирде көрсөтүп жатат.

Министрлик бул майрамдык акцияны өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай турганын, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөрүн билдирген.

Быйыл 12-ноябрда Бишкекте манасчы Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтты.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG