Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Активист Ормуков соттун депутат Текебаевдин мандаты боюнча чечимине каршы арызданды


Темирлан Ормуков. Архивдик сүрөт.
Темирлан Ормуков. Архивдик сүрөт.

Жарандык активист Темирлан Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандаттан ажыратуу тууралуу сот чечимине каршы арызданып, кийинки инстанцияга кайрылды. Анын арызы каттоого алынганын 4-декабрда «Азаттыкка» Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

4-декабрда Ормуков «АКИpress» агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрдү. Агенттик жазгандай, ал Текебаевдин мандаты апрель-май айларына чейин алынбай жүрө бериши мүмкүн экенин, административдик сот ишти «туура эмес караганын» билдирди жана кийинки сот анын чечимин жокко чыгарбай, өзгөртүшү керек экенин айтты.

23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий деп баалаган.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп арыз жазган.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап келатат.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду эки жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып камактан чыгарган. Иш ушул тапта кайра каралып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG