Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:19

«Кыйноого каршы коалиция»: Май айындагы мунапыс өз максатына жеткен жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын «Кыйноого каршы коалиция» уюму быйыл май айында жарыяланган мунапыс өз максатына жеткен жок деп эсептейт. 4-декабрда уюмдун расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, мунапыс тууралуу мыйзам долбоору жазылып жатканда 3 миңден ашуун киши жөнүндө айтылган, бирок иш жүзүндө 959 адам мунапыс алды.

959 адамдын арасынан эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан 65 киши бошотулду, качып, бирок кийин өз эрки менен жазасын өтөп жаткан жерге 13 киши кайтып барды, 881 адамдын эркинен ажыратуу түрүндөгү жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартылды.

Уюм масштабдуу мунапыс өткөрүү тууралуу сунушу эске алынбаганын белгилеп, мунун экономикалык кесепетине көңүл бурду:

«Абакта отурган адамдын бир күндүк чыгымы 80-90 сом. Бюджеттен чыгымды азайтыш үчүн абакта отургандардын 30-50% бошутулушу керек эле, акыркы мунапыс 1% жакын адамга тиешелүү болду. Тергөө абактарында да 1 миңден ашуун адам отурат».

«Кыйноого каршы коалиция» уюмунун бул билдирүүсүнө байланыштуу «Азаттык» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы уюмга тийиштүү жооп жакында берилерин билдирди.

Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзам быйыл май айында күчүнө кирген. Аны ишке ашырууга алты айлык мөөнөт берилген.

Мыйзамдын авторлору 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгарын айтышкан.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалып отурганы, алардын 300гө жакыны аял, улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде экени айтылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG