Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңди


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Кыргызстандык спортчу, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) виртуалдык турниринде жеңди.

UWW Instagram баракчасында кыз-келиндер күрөшүнүн атактуу өкүлдөрүнүн мыктыларын тандаган онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы 4-декабрда чыгарылды.

Виртуалдык турнирдин ар багытында сегизден катышуучу болду. Аларга 292 896 адам добуш берди. Финалда Айсулуу Тыныбекова индиялык белгилүү спортчу, 2016-жылкы олимпиаданын катышуучусу Винеш Пхогат менен бет келди. Тыныбекова добуштардын 58% алып, атаандашын утту.

Айсулуу "Фейсбукта" колдоочуларына ыраазычылык билдирип, ынтымактуу элдин ичинде болгонуна шүгүр кыларын жазды.

Айсулуу Тыныбекова - Кыргызстандагы атактуу спортчулардын бири. 2019-жылы Нур-Султанда кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. Бул жеңиш кыргызстандык күрөшчүлөр арасында жогорку даражалуу алгачкы утуш болуп тарыхка кирген. UWW рейтингинде Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы балбандардын сап башына чыккан.

XS
SM
MD
LG