Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

Изабеков: Айсулуу алган алтын - он жылдык эмгектин үзүрү


Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен жеңишти багындыргандан кийинки бактылуу мүнөттөрдө.
Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен жеңишти багындыргандан кийинки бактылуу мүнөттөрдө.

Айсулуу Тыныбекованын жеңиши тынымсыз машыгуунун үзүрү экенин кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

"Дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеште Айсулуу Тыныбекованын кыз-келиндер арасында биринчиликти багындырганы - он жылдык талыкпаган эмгектин үзүрү. Маңдай терибиздин мээнети акталып, кубанычыбыз коюнга батпай турабыз.Күйөрмандарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Биз ушул алтынды 10 жыл бою күткөнбүз. Айсулуу менен талыкпай эмгектенип, алтынга жетебиз деп эңседик эле, мына бүгүн жеттик. Биз үчүн абдан эле кубанычтуу болду. Бул кыргыз жарандарынын салыгынан келген каражатка турган алтын. Биз кыргыз элине, мамлекетибизге, жарандарга алкыш айтабыз".

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти. Ал дүйнө чемпиону болгондон тышкары 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Дүйнө чемпионаты. 62 кг. Жарым финал. Айсулуу Тыныбекова - Жоң Сим Рим 7:0

Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык кыз, андан тышкары дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан.

Буга чейин грек-рим күрөшчүлөрү Канат Бегалиев (66 кг. 2006-ж.) жана Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын (55 кг. 2018-ж.) финалына чыгып, жыйынтыгында экөө тең күмүш байге алганы Кыргызстандагы эң мыкты көрсөткүч катары эсептелип келген.

Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. (ECh).

XS
SM
MD
LG