6-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдорго муз тоңот, батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3,
Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27...-32, күндүз -9...-14.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -9...-11, күндүз -1...-3.