Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Германдык дипломат Хелга Шмид айым ЕККУнун жаңы башчысы болуп калды


Хелга Шмид (алдыда), Европа Биримдигинин Тышкы иш-аракет кызматынын Башкы катчысы. Вена. 2019-жылдын 28-июлу.
Хелга Шмид (алдыда), Европа Биримдигинин Тышкы иш-аракет кызматынын Башкы катчысы. Вена. 2019-жылдын 28-июлу.

Германиялык дипломат Хелга Мария Шмид (Helga Maria Schmid ) айым Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жаңы Башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу учурда ЕККУга төрагалык кылып жаткан Албаниянын тышкы иштер министрлиги 4-декабрда «Твиттер» аркылуу шардана кылды.

ЕККУнун 57 тышкы иштер министринин добуш берүүсүнүн негизинде ушундай чечим кабыл алынган. 59 жаштагы Хелга Шмид ЕККУну жетектеген алгачкы аял болуп калды. Ал буга чейин Евробиримдиктин дипломатиялык кызматынын башкы катчысы болуп иштеп келген. Ал 2015-жылы Иран менен болгон өзөктүк отун жаатындагы маанилүү келишимди түзүүгө жигердүү катышкан дасыккан дипломат болчу.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) – коопсуздук, экономика, илим, технологиялар жана адам укугу багытында кызматташуу үчүн түзүлгөн эл аралык уюм.

ЕККУнун жумушчу органы – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеңеш. Анын отурумдары Вена шаарында өткөрүлөт. 2020-жылдын 1-январынан бери ЕККУда төрагалык кылуу милдетин Албаниянын өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри Эди Рама аркалоодо.

Ал эми ЕККУнун Башкы катчысы уюмдун күндөлүк жетекчилигин жүзөгө ашырат. (TT)

XS
SM
MD
LG