Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Бишкекте абройлуу эл аралык жыйын башталды


ЕККУ менен Кыргызстандын желектери.
ЕККУ менен Кыргызстандын желектери.

Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматтыштык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясы ишин баштады. Жыйын Борбор Азиядагы коопсуздук үчүн диалогду күчөтүү маселесине арналган. Ооганстан менен чектешкен, чек арасы толук такталып бүтө элек Борбор Азия үчүн ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы жакшы аянтча катары каралууда. 50гө жакын өлкөнүн парламент өкүлдөрүнүн башын кошкон Бишкек жыйынынан эмнелерди күтүүгө болот?

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын жыйыны алгач жолу Бишкекте башталды. Ага уюмдун курамындагы 46 өлкөдөн 150дөн ашык парламентарийлер катышууда. Жыйын Борбор Азиядагы коопсуздук маселелерин чечиш үчүн диалогду күчөтүүгө арналды.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Георгий Церетели бул аймактагы коопсуздукту күчөтүүдөгү эл аралык уюмдун маанисин белгиледи:

- Биз бүгүн Борбор Азиядагы коопсуздук диалогун илгерилетүү максатын көздөп жолугуп жатабыз. Өткөн жылдардагы тажрыйба айгинелегендей, ага чөлкөмдө болуп жаткан дипломатиялык ачылыштар аркылуу жаңыча дем берилди. Биздин парламенттик отурум бул жумада ЕККУга мүчө болгон бардык өлкөлөргө тиешелүү коркунучтарды талкуулайт. Эртең биз жаны коркунучтарды жана чек арадагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издейбиз.

Ал эми кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков жыйындын алгачкы жолу Кыргызстанда өтүшүн парламенттик демократияны колдоо катары баалады:

- Дүйнөдөгү эң ири парламенттик форумду кабыл алуу - парламенттик демократияны тандаган Кыргызстанда ардактуу миссия. Биринчиден, ушундай масштабдуу эл аралык форумду өлкөбүздө өткөрүү Кыргызстандагы парламенттик демократиянын бекемделишин шарттайт. Экинчиден, ЕККУга кирген өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары өлкө менен таанышып, демократиянын деңгээлин өз көзү менен көрө алышат.

Ошондой эле президент акыркы учурда курчуган терроризм, экстремизм маселелерине тынчсызданарын кошумчалады. "Бул жагынан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ЕККУ натыйжалуу аянтча" деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Чынында эле адистер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коопсуздук маселелери курч экенин белгилешет. Ооганстан менен чектеш аймактагы терроризм жана диний экстремизм коркунучу, чөлкөмдөгү өлкөлөр арасындагы такталбаган чек арадан улам утур-утур орун алган жаңжалдар, суу ресурстарын колдонуу жаатындагы бир пикирдин жоктугу Борбор Азиядагы негизги маселелердин катарында айтылып жүрөт.

Дал ушундай кырдаалда “ЕККУнун парламент аралык жыйыны аймак үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо менен дүйнөдөгү тынчтыкты камсыздоого салым кошот”, - дейт Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков:

- Коопсуздукту камсыз кылуу маселесине келгенде Борбор Азия ЕККУ үчүн маанилүү аймак болуп саналат. Бул жерде сөз Чыгыш менен Батыштын өз ара байланышында Борбор Азиянын ролу жогору экендиги жөнүндө гана болуп жаткан жок. Борбор Азия өзөктүк куралы бар төрт мамлекет менен байланышкан жана алардын курчоосунда турган дүйнөдөгү бирден-бир аймак болуп эсептелет.

Ал эми тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимовдун айтымында, ЕККУнун жыйынын Борбор Азиядагы курчуп турган коопсуздук маселелерин талкуулачу кадыр-барктуу аянтча катары баалоого болот:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

- Биринчиден, бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн бул уюмга мүчөбүз. ЕККУ биз үчүн маанилүү болгон үч багыттагы маселе: адам укуктары, коопсуздук жана тамак-аш коопсуздугу боюнча кызуу талкуулап келет. Ошондуктан БУУ менен ЕККУдан башка көп маселелерди талкуулаган кадыр-барктуу аянтча жок.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Бишкек жыйынынын дагы бир мааниси бар. Бул Кыргызстан менен аталган уюмдун буга чейинки мамилеси. Мурдагы бийликтин учурунда Кыргызстан менен ЕККУнун алака-катышы бир аз сууй түшкөн.

Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 2016-жылы бул уюмдун Варшавадагы жыйынына катышып, кыргыз бийлигин айыптап сөз сүйлөгөн. Муну расмий Бишкек кескин сынга алган жана көп узабай эле аталган уюмдун борборунун макамын төмөндөтүп, программалык кеңсеге айланткан болчу.

Мындан соң ЕККУ 2016-жылдагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга байкоочуларын жөнөтүүдөн баш тарткан эле. Ошондуктан эл аралык уюмдун Парламенттик ассамблеясынын жыйынын Бишкекте өтүшү уюм менен кыргыз бийлигинин ортосундагы мамиленин жанданышы катары бааланууда.

Ошол эле маалда саясатчы Равшан Жээнбеков уюмга кирген өлкөлөрдүн арасындагы ача пикирлерден жана дүйнөдөгү акыркы абалдан улам бул уюм башынан өткөрүп жаткан учур оңой эмес экенин айтат:

- Биринчиден, албетте ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Бишкекте өтүп жатканы маанилүү. Экинчиден, ЕККУга Орусиянын таасири күчтүү болгондуктан учурда Батыш мамлекеттеринин ишеними бир аз төмөндөй түштү. Бул айрыкча Украинадагы акыркы абал боюнча байкалды. Бул чар-чатакты жөнгө салууда ЕККУнун ролу начарлап, Батыштын бир катар мамлекеттери ишенбей калды. Андай болгон соң мындай кырдаал Кыргызстанда өтүп жаткан жыйындын да мааниси начарлап калышы мүмкүн.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Бишкектеги жыйыны 5-октябрга чейин уланат. Бул күндөрү жыйынга келген меймандар чек ара аймактарындагы коркунучтарды аймактык кызматташтык менен чечүүнүн жолдорун, Борбор Азия жана Жер Ортолук деңиз аймагындагы миграция сыяктуу маселелерди талкуулашат.

Кыргызстан ЕККУга 1992-жылдан тартып кирген, уюмдун Бишкектеги борбору 1998-жылы ачылган эле.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму - дүйнөдөгү 57 өлкөнүн башын кошкон эл аралык уюм. Анын курамына Европа, Түндүк Америка жана Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Ал эми ЕККУнун Парламенттик ассамблеясында уюмдун курамындагы өлкөлөр сунуш кылган 323 парламентарий иш алып барат.

ЕККУ: коопсуздук көңүл чордонунда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG