Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Бишкекте активисттер "Мыйзамдуулук үчүн!" кезектеги тынчтык жүрүшүнө чыгышты (видео)


Бишкекте 6-декабрда ондогон жарандык активисттер "Мыйзамдуулук үчүн!" деп аталган кезектеги тынчтык жүрүшүнө чыгышты.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө, өлкөдө авторитаризмди орнотууга каршы экендиктерин, мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып, ушул өңүттө кыргыз жана орус тилдеринде чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышты.

Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка жөө жүрүш менен барып, андан ары тарап кетишет.

Катышуучулар "Биз бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршыбыз!" деген ураандын астында биригишкен. Алар ушул максатта бир нече жумадан бери ар жекшемби күндөрү тынчтык жүрүшүнө чыгышууда.

Саясатчылардан Бектур Асанов, Клара Сооронкулова катышууда.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандык активисттер 5-октябрда тынчтык митингине чыгышкан. Ал башаламандык менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Мурдагы бийликтин тушунда камакка алынган Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан чыгарып алып, өкмөт башчылыкты аркалай баштаган. Кийинчерээк президенттин милдетин аткаруучу болуп да иштеди. Учурда 10-январдагы президенттик шайлоого ат салышуу максатында кызматын тапшырган.

Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик Конституцияны өзгөртүп, президенттик башкарууну чыңдаган долбоорду сунуш кылган. Бул жагдай коомчулукта эки ача пикир жаратып, талкуулар уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG