Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

БШКнын жумушчу тобу Кубан Чороевдин кол тамгаларын жараксыз деп тапты


Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапты. Бул тууралуу БШК билдирди.

Боршайкомдун жумушчу тобу текшерүү учурунда Кубан Чороев үчүн кол тамгалар барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп чогултула башталган жана муну менен эреже бузулган деп эсептейт.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо мыйзамдарына ылайык, кол топтоо шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып башталат. Ага байланыштуу бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Чороев баракчаларды басып чыгарууга акчаны 3-декабрда, кол тамгаларды БШКга тапшыруунун акыркы күнүндө төлөгөн.

Кубан Чороев кол тамгаларды чогултууда эч кандай эреже бузулбаганын, өзүн жарыштан чыгаруунун артында саясат турганын айтып жатат.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Башында бул кызмат орун үчүн ат салышарын 65 киши расмий билдирген. Азыр анын 19у калды.

Алар негизинен белгиленген шайлоо күрөөсүн төккөндөр жана кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, тапшыргандар.

БШК президенттикке талапкерлерди 14-декабрга чейин каттоого тийиш. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталып, 9-январда аяктайт. (NT)

XS
SM
MD
LG