Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Караколдук тургун эки активисттен 10 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылып сотко арыз жазды


Алена Хоменко бажыдагы коррупцияга каршы митингдердин биринде. Бишкекте тартылган сүрөт.
Алена Хоменко бажыдагы коррупцияга каршы митингдердин биринде. Бишкекте тартылган сүрөт.

Каракол шаарынын тургуну Фатима Тагаева «кадыр-баркыма доо кетирди» деген жүйө менен жергиликтүү активисттер Алена Хоменко менен Гунар Исмакеевдин үстүнөн сотко арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Алена Хоменко «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында жазып чыкты.

Хоменко маалыматты «Азаттыкка» да ырастап, доогер моралдык чыгым үчүн андан 5 млн. сом, шеригинен 5 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылып жатканын айтты.

Маалыматка ылайык, Гунар Исмакеев коңшусу менен жер тилкесине байланыштуу соттошкон. Исмакеевдин кесиптеши катары Алена Хоменко бул ишке «Ф.Т.» аттуу ысымдагы аял да аралашып, чыр чыгарып жатканын жазган. Пост ушул жылдын 3-сентябрында чыккан.

Фатима Тагаева өз арызында бул инициал өзү жөнүндө болуп жатканын белгилеп, Хоменко аны «ОБОН» жана «улутчул» деп атаганын, бул анын кадыр-баркына доо кетирерин көрсөткөн. Тагаева «Азаттыкка» берген түшүндүрмөсүндө Хоменко журналист катары да, укук коргоочу катары ишинде ашкере кеткенин маалымдап, экинчи тараптан акча алып иштеп жатканын айтты.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева кеп болуп жаткан арыз Каракол шаардык сотуна келип түшкөнүн ырастап, сотко кайрылууда мамлекеттик алым төлөнбөгөндүктөн арыз кайра анын ээсине кайтарылып берилгенин кабарлады.

Алена Хоменко өзү журналист. Активист катары негизинен Ысык-Көл облусундагы жана Каракол шаарындагы саясий жана социалдык маселелерди көтөрүп жүрөт. Мурдараак уран казууга каршы, коррупцияга каршы жана башка темаларда акцияларды өткөргөнү менен да белгилүү. (ErN)

XS
SM
MD
LG