Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Референдум боюнча мыйзам бардык окуудан өттү

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова «каршы» добуш берген. 10-декабрда референдум боюнча мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

19:04 10.12.2020

Анвар Артыков: Элдин пикирин гана билели деген сөз болушу керек. Ошон үчүн Конституцияны талкуулаганды токтотолу. Коомчулук азыр саясатташып кеткен. 120 депутат мындай опурталдуу нерсени кабыл алуудан сак болушубуз керек. Депутаттардын сөзү элге баалуу болбой калды. Мамлекет башкарган кишилер биз эмнеге иштеп атканыбызды түшүндүрүп айтса болот да. Парламент жаңы парламент келгиче иштеп турушу керек да.

19:02 10.12.2020

Каныбек Иманалиев: Тактык үчүн! Мен бир да жолу конституциялык кеңешмеге катышкан эмесмин. Биз азыр элге жамынып алып, элге каршы иштеп атабыз. Азыр бирөө "баарына каршы" дегенди кошолу деп атат. Эгер "баарына каршы" деген көп болуп кетсе, Кыргызстан халифат болобу же монархиябы? Бир аз ойлонбойлубу? Кыргызстанда ашып кетсе Конституция боюнча ондой гана адис-юрист бар. Ошонун алтоо каршы болуп атат. Алардын сөзүн укпайлыбы? Азыр бюджеттин жыртыгын көрүп атып, бороондуу күндө ушул мыйзамды кабыл алуу туурабы?

18:58 10.12.2020

Акылбек Жапаров: Менин мыйзамым элдин тагдырын чечпейт. Баш мыйзамды өзгөртүүгө 80дей депутат добуш берген.

18:56 10.12.2020

Дастан Бекешев: Кайсы форма өтпөсүн эл утпайт. Кайсыны тандабайлы президент болот. Биз юридикалдык мыйзамдарды, процедураларды буздук. Күнөө баары бир 6-чакырылышта болот. Кийин элди күнөөлөп, "эл өзү тандаган" деген сөз болбосун.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG