Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:51

«Проект»: Путин үчүн Сочи менен Ново-Огареводо окшош иш бөлмөлөрү даярдалган


Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин үчүн Москванын чекесиндеги Ново-Огарево шаарында жана Сочиде окшош иш бөлмөлөрү даярдалды. Бул тууралуу «Проект» басылмасы жазып чыкты. Ага ылайык, журналисттер Путиндин иш графигин талдап, президенттин басма сөз кызматы өзүнө ыңгайлуу маалыматтарды таратат деген жыйынтыкка келген. Путин үчүн эки башка шаарда коёндой окшош кабинет даярдалганын бир нече булак да ырастаган.

«Проект» басылмасынын жазганы боюнча, Кремль «президент Ново-Огареводо кимдир-бирөө менен жолукту» деп маалымат берген күндөрү анын учагы Сочиден учуп чыкканын аныктаган.

«Владимир Путин жай айларынын аягынан бери Кара деңиздин жээгинде иштеп жатат», деп жазат басылма. Бирок журналисттер орус бийлиги муну жашырып, президент Москвада иштеп жатат деген түр көрсөткүсү келгенин билдирүүдө.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Проекттин» суроолоруна жооп берген эмес. Бирок макала жарык көргөн соң аны «кезектеги сандырак» деп атады. Песков «президент Москвада иштейт, бирок иш сапарларына чыгып турат» деп жооп кайтарган.

Ал акыркы күндөрдөгү «Проект» басылмасынын макалалардын артында кимдир-бирөө турат деген пикирин кайталап, бирок ким турганын ачык айткан эмес.

XS
SM
MD
LG